Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Мамлекет башчысы чакан гидроэлектр станциясынын курулушуна капсула салат жана "Манас Ордо" улуттук комплексинде өтө турган театрлаштырылган маданий спектаклге катышат.