
Орусиянын Москва шаарында мигранттардын катышуусунда мушташ орун алып, арасында Кыргыз жарандары бар экенин орус басылмалары жазып чыгышкан. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдирүү таратты.
"Алдын ала маалыматка ылайык, 27-августта орун алган массалык мушташка Кыргыз жарандары катышкан эмес. Ошол эле учурда коомдук тартипти камсыз кылуу жана окуянын чоо-жайын тактоо боюнча иш-чаралардын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Орусиянын 50гө жакын жараны Орусиянын Ички иштер министрлигине жеткирилген. Ал 50 жарандын ичинде Кыргыз Республикасынын 19 жараны болуп, алар административдик жоопкерчиликке тартылган.
Мындан тышкары 27-августта Москвадагы Адмирал Корнилов көчөсүндөгү жатаканадагы чоң мушташка кыргыздар катышкан эмес", - дешти элчиликтин басма сөз кызматынан.