Биз социалдык тармакта

Нарындагы тоодо куураган чөп жана бадалдар күйдү

Нарын районунун Достук айылында тоодо болжол менен 4 гектарга жакын куураган чөп жана бадалдар күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"28-август күнү саат 9:30да 15 куткаруучу жана токой чарба кызматынан 6 киши өрт өчүрүү үчүн тартылган. Жеринде токой чарба кызматынан 4 адам көзөмөл жүргүзүү үчүн калды", - деп жазылган маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан