Социалдык тармактарга бир нече саясатчылардын бирге түшкөн сүрөтү жарыяланды. Анда Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жээнчороев, Алтынай Өмүрбекова, Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев, Эльдар Абакиров, Сейтек Качкынбайды көрүүгө болот.

Чогулуунун максатын билүү үчүн Эльдар Абакировго байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Бул сүрөт негизи саясий максат менен болгон эмес. Албетте, биз прогрессивдүү күчтөр менен биригип, келерки шайлоого ортодогу партияга биригели деген максаттар бар", - деп билдирди Абакиров.