Жалал-Абадда "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду "Билим кербенин" жыйынтыктады
Кара-Көл шаарынын №3 "Келечек" балдар бакчасынын тарбиячысы балдар тургуча кагаздардан кооз оюнчуктарды даярдап жатат
№3"Келечек" балдар бакчасынын балдары тарткан сүрөттөр
№3"Келечек" балдар бакчасынын балдары жаңыдан ойгонуп жаткан балдар
№3"Келечек" балдар бакчасынын балдары ырдап жатышат
Ала-Бука айыл аймагынын №1"Күнчубак" балдар баксасынын балдары ойноп жаткан учуру
Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары
Ала-Бука районунда өткөн презентациянын катышуучулары активдүү катышып жатат
Жалал-Абад облусунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Билим кербенин» 2-ноябрда ийгиликтүү жыйынтыктады. Иш-чара ЮНИСЕФ менен биргеликте “Мектепке чейинки 6 жаштагы
балдарды милдеттүү түрдө бир жыл окутуу” долбоорунун алкагында
өткөрүлгөн. «Билим кербени» аталган облустун Кара-Көл шаарында, Ала-Бука
районунда, Жалал-Абад шаарында болуп өттү. Мектепке
чейинки балдарга билим берүү уюмдарын кыдырып, абалдары менен таанышып, «Жылдыздар
жомок окушат» акциясын өткөрүшүп,
балдарга кызыктуу жомокторду окуп беришти. Андан соң
балдар бакчаларынын кызматкерлерине, билим берүү кызматкерлерине, балдардын ата-энелерине жана
башкаларга «Мектеп-Журнал» журналынын башкы редактору, көз карандысыз эксперт
Миргүл
Эсенгулова “Кенже
курактагы балдардын өнүгүшү жана коомчулук аркылуу көндүмдөрдү калыптандыруу”
презентациясын өткөрүп,
аудитория менен тыгыз байланышта иштеди. Иш-чара жыйынтыкталып жатканда
катышуучулар фондго ыраазычылыктарын билдиришип, көп пайдалуу маалыматтарды
алгандарын айтышты. Буга чейин «Билим кербени» республиканын бардык облусунда өткөн.