Бүгүн, 30-август күнү Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында Нарын ОИИБи саптык кароо өткөрдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилей кетсек, майрам күндөрү 400дөн ашык милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.
Ошондой эле бүгүн, 30-августта кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары үчүн айрым кызматкерлер сыйланды.