Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлүүчү иш-чарага тартылган аскердик техникалар Чопон-Ата көчөсүндө тургандыктан, Чолпон-Ата көчөсүнүн Чүй менен Анкара көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батышты көздөй кеткен тарабы коомдук транспорттордон башка унаалар үчүн убактылуу жабык. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр 31-август күнү эртең мененки саат 09:00гө чейин уланат.
"Андыктан айдоочуларга алдын ала пландап, башка жолдор менен жүрүүнү эскертебиз", - деп жазылат маалыматта.