Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Түркиянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 30-августта президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчылары саясий, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракеси менен жылуу куттуктады.

Ал эки тараптуу кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча биргелешип кызматташууга даяр экенин билдирди.

Садыр Жапаров өз кезегинде, Режеп Тайип Эрдогандын Кыргыз мамлекети менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө кошкон зор салымын жогору баалады.

Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганга өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Түркия элин 30-августта белгиленүүчү Жеңиш күнү менен куттуктады.

Ошондой эле Садыр Жапаров Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата эртеңки ачыла турган Айкөл Манастын эстелиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Президенттин айтымында, бул окуя Кыргыз мамлекети үчүн чоң символикалык мааниге ээ.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги окуялар учурунда Баткен облусунда жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү тууралуу да сөз болду. Анда Түркия колдоосун жана жардамын көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ma2as
2021-08-30 18:04:38
Ошондо , биздин азыркы бийлик Туркторго баш багып атабы . Путин тагабыз бизди кыйнайтко, Россиядагы мигрантарды , кыргыздарды коп текшертип , ишканаларынан бери . Ансыз деле Жапаровтун айынан болуп атат деген миш бар ...Режепке айткан созу учун деп
-7
IOA
2021-08-30 18:55:08
Молодец Жапаров
+4
Gold81
2021-08-30 19:09:52
Молодец! Негизи баардык олколор менен жакшы мамиледе тыгыз катнашта болгон жакшы! Аны менен мамиле кылсам бул эмне дейт деп отурабериш керекпи?!
+7
KaGaH
2021-08-30 19:53:04
Оруссиядан көз каранды болгондон кутулуш керек!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан