Биз социалдык тармакта

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолун сел каптап, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралды

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолун сел каптап, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда саат 17:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 36-37-чакырымын (Кара-Талаа жана Шор-Булак айылдарынын ортосу) каптап, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралды. Унаа жолду сел калдыктарынан тазалоо үчүн 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана Тоң райондук жалпы 13 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан