Биз социалдык тармакта

Бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө карата кандай иш-чаралар уюштурулат?

Бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүк күнү белгиленет. Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздыгын жарыялаганына 30 жыл толду. Бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө карата кандай иш-чаралар уюштурулат?

Бишкекте:

  • саат 19:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти;
  • саат 18:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз элинин төкмө акыны Өтө Көкө уулу (Жеңижоктун) 160 жылдыгына, казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына карата, кыргыз-казак акындардын айтышы;
  • 9:00дө Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата майрамдык салтанат.

Ысык-Көлдө:

  • Чолпон-Ата ат майданында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине арналган “Көк бөрү” улуттук ат оюндары өтөт.

Ошто

  • 31-августта саат 9:00дө Ош шаарынын Борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата майрамдык салтанат өтөт.

Баткенде

  • 31-августта саат 17:00дө Баткен шаарынын борбордук стадионунда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата майрамдык салтанат өтөт.

Буга чейин башка облустарда бир канча иш-чаралар өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан