
Бүгүн, 31-августта Бишкекте коомдук транспорт каттамдарынын кыймылы убактылуу схема менен жүргүзүлөт. Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашкандай, убактылуу өзгөрүү өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн белгилөө иш-чараларына байланыштуу.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, эртең мененки саат 06:00дөн саат 13:00гө чейин Чүй кең көчөсү транспорт каттамдары үчүн жабык болот. Андан тышкары айрым борбордук көчөлөрдөгү каттамдары убактылуу башка жол менен ишке ашырылат.