Бүгүн, 31-августта Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк алганына 30 жыл болду. Бул күндү чоң масштабда белгилөө үчүн бир катар иш-чаралар уюштурулду.
Алгач "Ала-Тоо" борбордук аянтында 2 миңдей аскердин жүрүшү менен башталган иш-чара старт алып, аскердик техникалар дагы тартылды. Анда президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
