Биз социалдык тармакта

Аянтка батпаган эл, параддан өтө турган баласын көрүү үчүн алыстан келген эне. Эгемендикти эл кандай майрамдоодо?

Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленүүдө.

Бул салтанаттуу иш-чарага күбө болуу үчүн көптөгөн шаар тургундары жана коноктору келишкен. Алдыңкы катарга тизилип жана кичине өйдө жакта турган адамдарда гана парадды көрүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, артта турган адамдарга дээрлик эч нерсе көрүнгөн жок.

Калың элдин арасында Улуттук гвардияда аскердик кызматын өтөп жаткан уулун аскер парадынан көрүү үчүн Баткен облусунан келген Жаңыл Токторова дагы бар.

Аянтта жүргөн элдин маанайы көтөрүңкү жана көпчүлүгүнүн тилегени эле өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан