Биз социалдык тармакта

Октябрдан баштап айрым мамлекеттик социалдык төлөмдөр 50 пайызга, жаңы жылдан тарта 100 пайызга жогорулайт

Октябрь айынан тарта айрым мамлекеттик социалдык төлөмдөр 50 пайызга, жаңы жылдан тарта 100 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата "Ала-Тоо" аянтында сүйлөп жатып билдирди.

"2009-жылдан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 4 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет. Бул сумма бүгүнкүгө чейин өзгөргөн жок. Октябрдан тарта жөлөк пул 6 миң сом, жаңы жылдан баштап 8 миң сом болот", - деди президент.

"Тоголок жетим балдарга жөлөк пул 2022-жылдын 1-январынан тартып үч эсеге жогорулайт. Пенсия дагы 1-октябрдан баштап индексацияланат", - деди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal3
2021-08-31 13:31:04
Пенсия менен пособиелерге канча кошулат, качан кошулат, ошону так айт чайналбай....

Баалар айлап эмес, кундоп озгоруп осуудо. Ал эми айлык-маяналар, пенсиялар, пособиелер акыркы 2 жылдан бери которулбой келет гиперинфляция шартында да.......
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан