Бүгүн, 4-ноябрда Кара-Суу районунун айрым айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Ошэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Жарыкты өчүрүү эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 17:00гө чейин улантылмакчы. Тактап айтканда, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак, Каратай, Ак-Жар, Зарбалик, Мамажан айылдары жана шаардын Токтогул, Энгельс, Нариман көчөлөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт.