Биз социалдык тармакта

"Коопсуздукту 700дөй милиция кызматкери сактоодо". Ысык-Көлдө майрамдык парад өттү

Каракол шаарында милиция кызматкерлери майрамдык парадга катышып, коомдук коопсуздукту сактоодо. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине арналган майрамдык парадда укук тартибин жана коопсуздугун камсыз кылышты.

"Майрам күнү облус боюнча коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында 700гө жакын милиция кызматкери жана элдик кошуундардын 300гө чукул мүчөсү тартылган. Тартылган күчтөр тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого, ошондой эле укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алууга багытталган иш-чаралар колго алынууда", - деп билдиришти облустук милициядан.

Ысык-Көлдө парад өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан