Коомдук ишмер, телеалпаруучу, продюсер жана модельер Ассоль Молдокматовага Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата бир катар маданият кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.