Бишкек шаарынын так ортосунда жайгашкан Эркиндик бульварында далай эс алсаңыз керек?
Анда сиз дал ушул бульвардын кожоюну деген атка конгон Сабыр Кудайбергеновду да көрсөңүз керек? Ал "Бишкек жашылдандыруу" ишканасынын жумушчусу, 25 жылдан бери Бишкектеги темир жол бекетинен тартып Жибек Жолуна чейинки аралыктагы бактарды багуу, түбүн жумшартуу, арыктарды тазалоо, сууну керектүү жакка буруу, сугаруу анын колунда. Бир да бактан күчүн аябаган Сабыр Кудайбергенов менен бүгүн жакындан тааныштык.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.