Биз социалдык тармакта

Саркеч кийимчен балбан кыздар көрк берип... Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата салтанаттан кызыктуу 30 сүрөт

Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын коргоо министри жана параддын командири Таалайбек Өмүралиевдин параддык эсеп менен саламдашуусу жана куттуктоосу менен башталды.
Рапорт кабыл алынган соң Кыргыз Республикасынын президенти, өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Садыр Жапаров көз карандысыздык мааракесине карата куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздык күнүнүн урматына "Ала-Тоо" аянтында Коргоо министрлигинин, УКМК чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абада коргонуу күчтөрүнүн, ӨКМ аскерлеринин, Ички иштер министрлиги жана ИИМ Академиясынын өздүк курамынын катышуусунда аскер парады өттү.
Парадга жалпысынан 2 миңден ашуун адам катышты.
Андан соң зооттуу танкалык техника, артиллериялык курал, атайын багыттагы бөлүктөрдүн, ошондой эле эмгекчилдердин салтанаттуу жүрүшү орун алды.
Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгынын урматына замбиректерден ок атылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-XXX
2021-08-31 16:38:37
С.Жээнбеков менен Т.Мамытовдун ортосундагы аял ким?Саясатчыбы?Алдынкы орунда экс-президент,спикерлердин катарында отурат.Бирок мен тааныбай турам.Саясатчыларды жакшы эле тааныйт элем.

Майрамынар менен!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан