Биз социалдык тармакта

Күз мезгилинин биринчи күнү. 1-сентябрга карата аба ырайы менен таанышып алыңыз

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 1-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +15…+17, күндүз +30…+32 градуска чейин болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан