Күзүндө боло турган парламенттик шайлоого 6 партия катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-августта "Жаратман эл" партиясы билдирүү калтырды.
Буга чейин "Социал-демократтар" партиясы, "Улуттар биримдиги" "Ишеним", "Кыргызстандын жашылдар партиясы" жана "Альянс" партиясы билдирме беришкен.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү 3-сентябрь, саат 18:00гө чейин.