Биз социалдык тармакта

Бир катар өлкө лидерлери кыргыз элин өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттукташты

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата бир катар өлкөлөрдүн ажолору куттуктоо телеграммасын жөнөтүштү. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

Өлкө лидерлери кыргыз элине мындан ары алга карай өнүгүп, гүлдөп-өсүүнү каалашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
VENOM
2021-09-01 00:11:15
Путинчи?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан