Бишкекте башталган Коргоо кеңешинин жыйынына кеңештин 22 мүчөсүнүн 19у катышууда. Иш-чараны кеңештин төрагасы, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев ачып берди. Кеңештин мүчөсү Абдыганы Эркебаев жыйынды толук теледен көрсөтүү сунушун айтты. Буга президент каршы болду: “Ар бир иштин өзүнүн тартиби бар. Эгер сиздин жеке сөзүңүз болсо, мен Кубат Оторбаевден (КТРКнын директору) суранам, сизге убакыт бөлүп берсин. Мен үчүн коррупция маселеси оюн эмес. Келечекке натыйжа бере турган чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Жыйындын башынан аягына чейин журналисттер катышса, мен билем, популисттик сөздөр айтылып баштайт”,- деди Атамбаев.