Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу үчүн болгон мелдештин финалында Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасы менен Таластын "Ынтымак" командасынын ортосундагы беттеш учурунда "Сары-Өзөн" командасынын оюнчусу Сейитбек Анарбек уулу аттан кулады. Ага "Тез жардам" унаасы келди.
Эскерте кетсек, ал буга чейин "Ынтымак" командасында ойногон. Кийин "Сары-Өзөн" командасына кошулуп, андагы алгачкы оюнда жаракат алып, эми гана оюнга кошулган.