Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаров Орусиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү, КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун башкармалыгынын теңтөрагасы Михаил Швыдкой, Азербайжандын Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, аталган фонддун төрагасы Полад Бүлбүл оглу жана фонддун аткаруучу директору Анатолий Иксанов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Мамлекет башчысы МГКФ алкагында КМШга мүчө-мамлекеттердин Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн маданият аралык байланыштарын чыңдоо боюнча активдүү иш алып барылып жатканын белгиледи.
Садыр Жапаров белгилегендей, фонд тарабынан жыл сайын 25 миллион рублдан ашык суммага кошумча каржылоодо орто эсеп менен 5-6 долбоор колдоого алынат. "Каракол – Шериктештиктин маданий борбору — 2022" долбоору алдыда ишке ашуусу күтүлгөн ири долбоорлордон болуп саналат.
"Биз мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду менен өз ара кызматташтыкты мындан ары дагы долбоордук иш-чаралар аркылуу өнүктүрүүгө жана Шериктештик өлкөлөрү менен маданий-гуманитардык чөйрөдө эки жана көп тараптуу форматта кызматташууну бекемдөөгө ниеттенип жатабыз. Маданий-гуманитардык кызматташтык биздин өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн фундаменталдык негизди түзөт. Фонддун жардамы жана колдоосу астында өткөрүлгөн ар кандай иш-чараларга маданият ишмерлеринин катышуусу биздин кызматташтыгыбыздын руханий архитектурасы болуп саналат", - деди ал.
Президент Михаил Швыдкойдун, Полад Бүлбүл оглунун жана Анатолий Иксановдун Шериктеш өлкөлөр деңгээлиндеги маданий байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы өлчөнгүс экенин белгиледи.
Алардын эмгегин баалап, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшырды: