31-августта Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара гала-концерт менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов, спортчулар жана шаар тургундары катышты.
Калаа башчысы Алмаз Мамбетов конокторду куттуктап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу негизги милдет экендигин кошумчалады.
Майрамдык концерт белгилүү ырчылардын, эстрада жылдыздарынын коштоосундагы концерт менен уланып, фейерверк менен жыйынтыкталды.