Кечээ, 31-агустта Эгемендүүлүк майрамында "Ала-Тоо" аянтында 90 бала адашып кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеринде кызмат өтөп жүргөн кызматкерлер аларды ата-энелерине өткөрүп беришкен.
Ал эми бир өспүрүм ИИМдин укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилген.