Биз социалдык тармакта

"Жашоо шарттары кейиштүү...". Британиялык элчи кыргыз эли жөнүндө күндөлүк жазды

Улуу Британиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Чарльз Гарретт "Silk Road Mountain Race 2021" аталышындагы вело жарышка катышты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

16 күндүн ичинде ал Нарын облусунун бир катар аймактарын кыдырып, сезимдери менен бөлүшүп, позитивдүү маанайдагы билдирүүлөрдү калтырган. Анда ал Кыргыз өлкөсү жана анын эли жөнүндө оюн билдирген.

"Биз кайда гана барбайлы дайыма меймандос, пейили кенен, биз менен маектешүүгө кызыкдар адамдарды жолуктуруп жаттык. Вело жарыш мендей дипломат үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болду, бул тажрыйбамды өз ишимде колдонууга аракет жасайм", - деп жазган ал.

Ал эл аралап жүрүп чоң шаарлардын четинде жашаган элдин турмуш-шартын, миграция тууралуу дагы кеп козгогон.

"Өздөрү жашаган жер кичинекей болсо дагы, бизди жайгаштырууга макул болгон малчылар мени таң калтырды. Ооба алардын жашоо шарты кейиштүү.

Биз тыныгууда токтоп турган маалда, жолдошу менен жубайы үйдөн нан, каймагын алып чыгышты. Кошуналар дагы бизге кошулуп, айыл чарба тууралуу кеп козгодук. Бул өлкөдө миграция өтө күч алган. Жаштар өз жеринде жумуш таба албай, чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болушат", - деп жазган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2021-09-01 15:09:28
Ушуну биздин бок курсактар окуп кичине эсине келээр бекен?Мени эл шайлаган,элге кызмат кылып жашоосун ондошум керек деп ойлоноор бекен?Только жешти,уй салып кымбат машина миништи ойлонбой!
+11
talas0707
2021-09-01 16:47:12
Бирок бул жайлоодогу жашоо да, айылдагы уйлору кудайга шугур болсо керек. Азыркы жашоо Аллага шугур баары бар, ачкадан олуптур деген жок кудай сактасын. Эн жонокойу жамачы байпак кийбейт, ар тортунчу адамда телефон плюс жума сайын 80 сом единицасы менен.
+2
Antiradikal3
2021-09-01 17:03:50
talas0707, айтканын туура го, бирок ошонун баары тышкы миграциянын арты менен. Элестет, мигранттардын баары Кыргызстанда болсо, тыштан мигранттар бугун салып жаткан миллиарддар келбесе, эл кайсы акчасына курулуш куруп, кымбат кийим, телефон алып, дуркуротуп той откорушмок? Тыштан акча келбесе, элдин кооунда кыйраткан акча болбосо, толтура ишканалар, тойкана кафе-ресторандар, турдуу цехтер ишин токтотуп жабылмак, жумушсуздар толуп кетмек. 90-жылдардагыдай болуп.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан