Эртең, 2-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14...+19, күндүз +28…+33;
Талас жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +27…+32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус болот.