Өлкөдөгү жүк ташуучу унаалар патент менен иштесе, бюджетке 1 миллиард сом түшмөк. Муну бүгүн, 4-ноябрда Коргоо кеңешинин жыйынында экономика министри Темир Сариев айтты. Март айында Сосновка постунда атайын хронометраж жүргүзүлгөнүн айткан министр:
“3 күндүк хронометражда жүргүнчү жана жүк ташуучу 544 автоунаа текшерилди. 73 айдоочуда гана патент болгон, анын ичинен көпчүлүгүнүн мөөнөтү өтүп кеткен же жүк ташуучу автоунаалардын 92 пайызы, кичи автобустардын 96 пайызы патентсиз иштей тургандыгын көрсөттү. Айдоочулардын ассоциациясынын маалыматы боюнча өлкөдө 40 миңден ашуун жүк ташуучу унаа бар, эгер алар патент менен иштесе, 1 жылда 1 миллиард сомго жакын киреше жергиликтүү бюджетке түшмөк”,- деди Сариев.