Биз социалдык тармакта

Футбол: Лионель Месси ойногон "Барселона" клубундагы 10-номерди 18 жаштагы футболчу алды

"Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу Ансу Фати клубда атактуу футболчу Лионель Месси ойногон 10-номерди алат. Бул тууралуу каталондук клубдун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 2008-жылдан бери "Барселонадагы" 10-номер Лионель Мессиге таандык болгон. Буга чейин Диего Марадона, Христо Стойчков, ошондой эле легендарлуу бразилиялык футболчулар: Роналдиньо, Ривалдо жана Ромарио "Барселона" клубунда 10-номерде ойношкон.

18 жаштагы Ансу Фати "Барселона" клубунун тарбиялануучусу. Өткөн сезондо ал бардык турнирлерде 10 беттеш өткөрүп, 5 гол киргизип, 4 жолу голдук пас чыгарып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
VENOM
2021-09-02 09:06:31
Фати татыктуу
+1
zhaynak
2021-09-02 09:11:42
Будуший звезда Фати, коросунор го
+1
Dembele84
2021-09-02 10:42:09
Фати травма албаса эле быйыл ачылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан