Темир Сариев: "Жеке ишкерлерди Салык кызматы, прокуратура кызматкерлери жана рэкеттер калкалайт"

Бишкекте бүгүн, 4-ноябрда Коргоо кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Жыйында “КРнын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу жана бийлик органдарында саясий жана системдүү коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар тууралуу” маселе каралууда. Учурда экономика министри Темир Сариев баяндама жасоодо.

“Маалыматтарга таянсак, мамлекеттин коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү аракетине жарандар анча ишенишпейт. Экономика министрлигинин атайын иликтөөсүнүн жыйынтыгын айта кетсем:

“Укук бузууларды жаап-жашырууда көзөмөлдөөчү органдардын өкүлдөрү сизге жардам сунуш кылдыбы?” деген суроого жооп алууда Салык кызматы, Эсептөө палатасы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жана Социалдык фонд бөлүп көрсөтүлгөн.

“Сизге көптөгөн көйгөй жараткан мамлекеттик органдар кайсылар?” деген суроого Салык кызматы, Социалдык фонд, Өрт өчүрүү жана Санитардык-эпидемиологиялык кызматтар, ошондой эле Каржы полициясы алдыга чыкты.

"Жеке ишкерлерден кайсы мамлекеттик органга көбүрөөк пара берилет?" деген суроого респонденттер Салык кызматын, Санитардык-эпидемиологиялык кызматты, ички иштер органдарын жана Социалдык фондду көрсөтүшкөн.

Калкалоо, башкача айтканда, "крышевание" жөнүндө суроого жеке ишкерлер аларды Салык кызматы, прокуратура, Социалдык фонд, Санитардык-эпидемиологиялык жана Өрткө каршы кызматтар, ошондой эле рэкеттер калкалай турганын айтышкан",- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан