Юстиция министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясына каттоодон өткөн саясий партиялардын тизмесин берди. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-сентябрына карата тизмеде лидерлери жана катталган (кайра катталган) датасы көрсөтүлгөн 290 саясий партия камтылган. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугу белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөн саясий партияларга таандык.