Мурдагы жогорку кызмат адамдары жана айрым коррупцияга малынган чиновниктер азыркы каржылык жана экономикалык кризистин негизги себеби болуп саналат. Муну Коргоо кеңешинин 4-ноябрдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев айтты. Айтымында, алар көмүскөдөгү акчаларга таянып каалаган учурда ар кандай экономикалык диверсияны ишке ашыруу жана социалдык касташууну тутандыруу жана бийликти алсыздандыруу аракеттерин көрүүдө. “Бул аракет өз учурунда өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунучтуу”,- деди Сариев.
Кеңештин жыйынында “КРнын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу жана бийлик органдарында саясий жана системдүү коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар тууралуу” маселе каралууда.