Жалал-Абадда чет элдик студенттерге милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Ооганстанда болуп жаткан окуялар, ага байланыштуу социалдык тармактарда тараган туура эмес маалыматтарды жайылтпоо зарылдыгы белгиленди.
"Диний-экстремисттик маанидеги чакырыктарды, тыюу салынган диний агымдардын иш-аракеттерин билбестиктен бөлүшүп алуудан сак болуу керектиги эскертилди. Чет элдик студенттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын үйрөнүүгө жана мыйзамдуулуктуу сактоого чакырышты. Ошондой эле аларга өлкө аймагында тыюу салынган диний агымдар тууралуу маалыматтар берилди", - деп жазылат маалыматта.