Бүгүн, 2-сентябрда экономика жана финансы министринин орун басары Жарасул Абдураимов маалымат жыйын берүүдө.
Жыйында президенттин "Менчикти коргоо жана ишкерлерди, инвесторлорду колдоо" жарлыгынын аткарылышы жана башка маселелер жөнүндө сөз болууда.
"Президент ушул жылдын 29-январында "Менчикти коргоо жана ишкерлерди, инвесторлорду колдоо" жарлыгына кол койгон. Ошону менен катар жарлыктын негизинде 48 иш-чара өткөрүү пландалган.
Учурда бир катар иш-чаралар өткөрүлдү", - деди министрдин орун басары.