Алмазбек Атамбев: "Коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүгө жөндөмсүз жетекчилер кызматынан кетсин"
Коргоо кеңешинин жыйынынан көрүнүш
Коргоо кеңешинин жыйынынан көрүнүш
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев
Коргоо кеңешинин жыйынынан көрүнүш
Коргоо кеңешинин жыйынынан көрүнүш
Коргоо кеңешинин жыйынынан көрүнүш
КРнын Башкы прокурору Аида Салянова
Коргоо кеңешинин жыйынынан көрүнүш
Кыргыз Республикасынын экономика министри Темир Сариев
Коргоо кеңешинин жыйынынан көрүнүш
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-ноябрдагы Коргоо кеңешинин жыйынында “Паракорлор жана опузалап акча
өндүргөндөр кармалып, камакка алынганы менен, коррупциялык схемалар уланып
жатат” деп билдирди. "Эксперттер укук коргоо органдарынын иши соодалашуунун негизинде жүрүп калганын белгилеп жатышат. Эл сөз кылып жүргөн «гаишниктердин» пара алуу системин эмне деп атасак болот?», - деди президент. «Бөлөк уюмдардын дарегине деле ушундай суроолорду жолдосок болот. Окууга баласын акча берип өткөрүп, билимине эмес, ата-энесинин капчыгына жараша баа коюп, жада-калса даяр дипломдорду сатып жүрүп, жогорку билим берүүнүн кадыр-баркын кетирдик. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн болгону 5-10% гана компетенттүү адис катары бааланат. Саламаттык сактоо тармагында деле ушундай эле көрүнүштөр байкалат", - деп кошумчалады
Атамбаев. Мындан сырткары мамлекеттик мекемелерде коррупцияга каршы күрөш
жүргүзүүгө жөндөмсүз жетекчилер кызматынан кетүүгө тийиштигин белгилеп өттү.