Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарындагы кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык жана өкмөттүн 2020-жылдын 3-февралындагы №51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ЖАМКнын орто жана улук жетектөөчү курамынын бош кызмат орундарына сынак жарыяланат.
Документтерди кабыл алуу 2021-жылдын 1-октябрына чейин жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.