2-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 24 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлайт."2-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 24 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 328 метр куб, агып чыгышы 146 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Ал эми былтыр, 2020-жылы дал ушул күнү 14 миллиард 894 миллион метр куб суу бар болгон.