Биз социалдык тармакта

"УЗИ, ЭКГ". Бишкектин тургундары медициналык кароодон акысыз өтө алышат

Бишкек шаарынын тургундары 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин УЗИ, ЭКГ (электрокардиография) аппараттарына жана көздүн көрүүсүн акысыз текшерте алат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Коронавирустун мындан аркы жайылышын алдын алуу максатында өлкө боюнча ири акция жүрүп жатат. Анын алкагында Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда хирург, офтальмолог, невролог, эндокринолог, кардиолог сыяктуу адистер жарандарды кароодон өткөрүүдө. Бишкек тургундары 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин ультра добуштук изилдөө, электрокардиография аппараттарына жана көздүн көрүүсүн акысыз текшерте алат", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, дарыгерлер дүйшөмбүдөн ишембиге чейин (саат 13:00дөн 18:00гө чейин) каалоочуларды кабыл алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pankration_MMA
2021-09-02 21:56:22
Адресин да кошо жазгыла, каяка барып көрүнүш керек???!!!
+2
rysik79
2021-09-02 21:57:10
Дареги жок гоо
+2
Paprikafm
2021-09-02 22:57:46
Апеей бул кызматтар платный беле ээ,биз москвада кр жараны бекер корунобузго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан