Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен экономиканын көз карандылыгын төмөндөтүү максатында министрлер кабинетине тапшырылат:
- Республикалык бюджетинин чыгымдарынын корголгон беренелерин каржылоодогу эки айлык керектөөнү жабууга резервди топтоону камтыган Кыргыз Республикасынын турукташтыруу фондун түзүү;
- Бул жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү.