2013-жылдын 9 айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын коомдук кабылдамаларына жарандардан 2 миңдей кайрылуу түштү. Муну бүгүн, 4-ноябрда Коргоо кеңешинин жыйынында аталган кызматтын төрагасы Бектен Сыдыгалиев айтты. Айтымында, арыздардын көпчүлүгү укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин иши боюнча түштү.
Сыдыгалиев мамлекеттик сатып алуулардагы махинациялар алып келген жылдык чыгым 3 миллиард сом экенин кошумчалады.