Бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги Орусия элчилигинин алдында “Расизмсиз дүйнө үчүн!" акциясы болуп өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 4-ноябрда  Бишкектеги Орусия  элчилигинин  алдында   “Расизмсиз дүйнө үчүн!”  аталышындагы  чакан  акция  болуп  өттү. Иш-чараны  уюштуруучулардын  бири  Манас Саматов: “4-ноябрда Орусияда  Элдик биримдик  күнү белгиленип, орус  маршы өтөт. Бирок  бул жалпы  орус элинин  эмес, улутчул скинхеддердин күнү.  Көптөгөн мигранттар мына  ошолордун  курмандыгы  болуп  калууда”,- дейт.  Ошол эле  тапта  укук коргоочу   Өндүрүш Токтонасыров баштаган  жарандык  коомдун  өкүлдөрү  “Орус маршы трагедия”, “Кыргызстандык мигранттар азаматтар”  деген жазуусу бар плакаттарды  колдоруна  кармашып, акцияга  кошулушту. Иш-чаранын  соңунда  акциянын  катышуучулары  Орусияда  улутчулдардын  колунан  курман болгон мигранттардын  элесине  деп  кара  лента  байланган  гүлдү Орусия  элчилигинин  алдына  коюшту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан