“Түндүк-түштүк” альтернативдик унаа жолунун курулушу Казарман-Жалал-Абад аймагынан башталат

“Түндүк-түштүк” альтернативдик унаа жолунун курулушу 2014-жылы Казарман-Жалал-Абад аймагынан башталат. Бул тууралуу 4-ноябрдагы маалымат жыйында Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Максат Дыйканов билдирди. Анын айтымында, 400 миллион доллар насыя алуу үчүн кытайлык "Эксимбанк" менен  макулдашуу түзүлгөн. “Азыркы тапта бул өкмөттүн кароосунда турат. Андан кийин ратификация алуу үчүн парламентке жөнөтүлөт. Альтернативдик унаа жолдун курулушу стратегиялык долбоор экенин баарыбыз түшүнүп турабыз. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоону тездетет деген үмүттөбүз”,- деди ал. Мындан сырткары курулуш иштери 2014-жылы жаз мезгилинде башталарын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан