“Парламенттик башкаруу – коррупциянын жаңы түрүн жаратууда”,- деди Темир Сариев

Экономика министри Темир Сариев парламенттик башкаруу формасы партиялык коррупцияны жаратып жатканын айтты. Бүгүн, 4-ноябрда Коргоо кеңешинде баяндама жасаган министр учурда кызыкчылыктар кагылышынын жаңы түрлөрү чыгып жатканын билдирди. 

 

“Партиялык коррупция жаралып жатканын моюнга алуу керек. Бул айылдык кеңештерге чейин  жетип жатат. Жергиликтүү депутаттар жана жергиликтүү администрациялардын өкүлдөрү кен байлыктарды пайдалануу, жерлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндөгү чыр-чатактарды уюштурууга аралашып, “партиялык” же “фракциялык” жеке  кызыкчылыктарды көздөшүүдө”,- дейт Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан