Кыргызстандагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 586 жумуш ордун түзүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн, 4-ноябрда билдиришти. Жеңилдетүүлөр “Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары жана кепилдиктери” мыйзамын ишке ашыруунун негизинде берилип жатат. Өлкө боюнча Талас облусунда – 112, Ош – 96, Баткен – 94, Жалал-Абад – 85, Чүй – 24, Нарын – 14, Ысык-Көл облусунда 2 жумуш орду бөлүндү. Ош шаарында 84, Бишкек шаарында 75 орун бөлүнгөн. Жумушка 3-топтогу майыптар орношо алат.