5-ноябрда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +9...+14°C, түнкүсүн +1...+6°C
Талас облусунда күндүз +8...+13°C, түнкүсүн 0...-5°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +9...+14°C, түнкүсүн 0...+5°C
Баткен облусунда күндүз +9...+14C, түнкүсүн 0...+5°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +7...+12°C, түнкүсүн -4...+1°C
Нарын облусунда күндүз +6...+11°C, түнкүсүн -3...-8°C
Бишкек шаарында күндүз +12...+14C, түнкүсүн +3...+5°C
Борбор шаарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Тарых барактарына үңүлсөк, 2009-жылы 5-ноябрда Ош шаарында күндүз +21 градус ысык болгон. Ошол эле 2009-жылдын 5-ноябрында Нарын шаарында эртең менен -4 градус суук, ал эми 2010-жылы 5-ноябрда +10 градус ысык болгон.