Биз социалдык тармакта

Кеминдеги токойдогу өрттүн жайылуусуна каршы күзөт кызматы иштеп жатат

Чүйдүн Кемин районундагы тоонун коктусунан чыккан өрттүн жайылып кетпөөсүн көзөмөлдөө үчүн күзөт жүргүзүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 8-сентябрда саат 19:30га карата жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлери туруктуу жайгашкан ордуна кайтышууда. Калган кызматтар жеринде өрттүн жайылып кетпөөсүн көзөмөлдөө үчүн күзөттө калышты.
Өрттү өчүрүү иштери эртең, 9-сентябрда улантылат.
7-сентябрь күнү Чоң-Кемин өрөөнүндө Көк-Жар, Борду коктуларында куураган чөптөн, бадалдардан жана дарактардан өрт чыккан. Буга жарандардын шалаакы жана кайдыгер мамилеси себеп болгонун ӨКМнын маалымат кызматы кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан