4-ноябрда Жети-Өгүздүн Саруу айылынан топтолгон атчандар “Кумтөр” кенин басып алганы жөнөп, бирок жергиликтүү бийлик жетекчилиги аларды токтотуп калды. Муну бизге бүгүн, SUPER.KG порталына 5-ноябрда Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоров билдирди. Айтымында, айылдагы жаштар менен жергиликтүү бийликтин бир пикирге келиши кыйын болууда. “Кечээ түштөн кийин ондогон атчандар “Кумтөрдү” басып алганы жөнөп калышты. Район акими катары мен, райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы жана айрым жергиликтүү тургундар алар менен сүйлөшүү жүргүзүп токтотуп калдык”,- деди аким.
Моңолдоров “Кумтөрдүн” ишин токтотуудан кыргыз эли эч кандай пайда таппай турганын, иш мыйзамдуу чечилиши керектигин кошумчалады.