ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 5-ноябрдагы жыйынында “Жазык-процессине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда. Мыйзам демилгечилери өлкөдө аскер полициясын түзүүнү сунуштоодо. Буга аскердик прокуратуранын өкүлү каршы чыгып, аскер полициясын аскер прокуратурасынын штатынын эсебинен түзөбүз дегенине кошулбай турганын айтты. “Жалпы 49 гана кызматкер иштейт. 7 гана тергөөчү бар”,- деди ал. Депутат Исмаил Исаков “аскердик прокуратурада жалпы 7 тергөөчү бар болсо, анда канча жетекчи бар? Ар бир облусту эске алсак, анда кызматкерлерден жетекчилер көп экен да”,- деди депутат.